Индияда жүк ташуучу унаа оодарылып, 16 адам каза болду

Индиянын Махараштра штатында жүк ташуучу унаа оодарылып, 16 адам каза болуп, анын бешөө оор жаракат алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаа кечээ кечинде Кингон айылына жакын жерде оодарылып кеткен. Каза болгондордун көпчүлүгү жергиликтүү жумушчулар болгон. Полиция кырсыктын себептерин иликтөөдө.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. "Махараштра штатындагы Джалгаон шаарында жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, баарыбыз үчүн жүрөк титиреткен окуя болду. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Жараат алгандар тезирээк айыгып кетишсин", - деп айтылат премьер-министрдин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан