Кечээ, 14-февралда Ыйык Валентин күнү белгиленди. Бул майрам ар кайсы өлкөдө ар кандай белгиленет. Кыргыз өлкөсүндө да бул расмий эмес майрамды белгилешип сүйүшкөндөр бири-бирине белек беришет.
Твиттер социалдык тармагында майрамдан кийин таштандыга ташталган гүлдөрдүн сүрөттөрү талкуу жаратты. Сүрөттүн алдына өз пикирин калтырган колдонуучулар кандай гана себеп болбосун гүлдөрдү минтип таштандыга таштап салуу туура эмес экендигин айтышкан.
Мырзалар болсо алар атайын аракет кылып тандап, сунган гүл дестенин таштандыда жатышы маанай түшүрөрүн жана мындай окуялардан кийин гүл белек кылгысы келбей каларын жазып калтырышкан.
Ыйык Валентин күнү христианчылыкта чоң майрам болуп эсептелет. Көпчүлүк маалыматтарда бул майрам биздин замандын 3-кылымында негизделген деп айтылат. Рим императору Клавдий "эркектер үй-бүлөсүнө алаксып, аскерге баруудан баш тартышууда" деп бардыгына үйлөнүүгө тыюу салган. А бирок Валентин аттуу чиркөө кызматкери бул тыюуга каршы чыгып, өзүнүн чиркөөсүндө жашыруун нике кыюусун уланта берген. Чиркөө кызматкеринин бул жоругу билинип калганда император мындай чыккынчылыгы үчүн Валентинди 14-февралда өлтүрткөн. Ошондон баштап Валентиндин урматына 14-февраль сүйүү күнү деп белгиленип калган.