Орусияда Алексей Навальныйды колдоп чыккан пенсионерге 180 миң рубль айып салынды

Орусиянын Калининград шаардык соту оппозициячыл Алексей Навальныйды колдоо митингине катышкандыгы үчүн 74 жаштагы пенсионерге 180 миң рубль айып салды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Петр Зуев аттуу Калининград шаарынын тургуну 31-январда Навальныйды колдоо митингине чыккан. Ал митингге чыккандыгынын себебин адилетсиздикке чыдабай жатканы менен түшүндүргөн. Навальныйдын штабы анын ден соолугу жайында болбой жатканына карабастан митингдерге көп катышарын билдирген.

Сот карыяны митингдер боюнча мыйзамды бир нече жолу бузган деп таап, айып пул төлөөгө милдеттендирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-02-16 08:01:24
Туура кылыптыр каарыганда калжаңдабай отурбайбы кысыып Путин кандай мм сонун шарттарды түзүп берген орустарга дагы деле ыраазы болушпайт
+3
bond
2021-02-16 08:13:50
Asmat84,Кээбир мамлекеттерге караганда бизде да шарттар сонун биз дагы ага карабай митингге чыгып жатпайбызбы.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан