Орусиянын Ярославль шаарында 13-14-октябрь күндөрү кыргыз маданиятынын күндөрү өтөт. Иш чараны «Биримдик – Единство» жергиликтүү кыргыз диаспорасы уюштурууда. Бул туурасында «Замандаш» ассоциациясынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Элдик кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү, улуттук оюндар, ошондой эле аймактын этникалык-маданий уюмдардын лидерлеринин катышуусунда «Достук көпүрөсү» темасына тегерек стол өткөрүү пландалган», - деп айтылат билдирүүдө.