Март айынан баштап 20 авиакомпания ковид-паспорт системин киргизет

Март айынан баштап дүйнөнүн 20 авиакомпаниясы ковид-паспорт системин киргизүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Emirates", "Etihad", "British Airways", "American Airlines", "Singapore Airlines", "Lufthansa" жана башка ири авиакомпаниялар эл аралык аба транспорту ассоциациясы тарабынан сунушталган ковид-паспорт тиркемесин колдонууга уруксат бергендердин катарында.

"Эл аралык аба транспорту ассоциациясы тиркеме чек аралардын коопсуздугун камсыз кылат деп эсептейт жана дагы 30-40 авиакомпания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Биз коопсуз эл аралык каттамдарды калыбына келтирүүнү каалайбыз. Башка өлкөлөргө саякаттоонун коопсуздугун көрсөткүбүз келет", - деп билдирген ассоциациянын коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Алан Хайден.

Колдонмодо жүргүнчүлөр сапар алдында кандай анализдерди, вакциналарды жана башка чараларды көрүшү керектиги жөнүндө маалымат камтылган. Колдонуучулар ден соолукка байланыштуу документтерди арызга киргизип, авиакомпанияга жана иммиграция кызматтарына тапшыра алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aiymkan89
2021-02-17 13:33:12
Тоже бизнес
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан