Индияда жапайы маймылдар жаңы төрөлгөн эгиз ымыркайларды уурдап кетип, алар чарчап калды

Индиянын Танджавур шаарында жапайы маймылдар жаңы төрөлгөн эгиз ымыркайларды уурдап кетип, алар чарчап калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя наристелердин ата-энеси жок учурда болгон. Окуя үйдүн ээси жумушка, балдардын апасы дааратканага кеткен учурда болгон.

Анда бир канча маймыл үйдүн чатыры аркылуу кирип, балдарды алып кетишкен. Балдарынын ыйлаганын уккан эне үйгө келгиче маймылдар качып кетишкен.

Аял сыртка чыкканда чатырда эгиздердин бирин маймыл кармап турганын көргөн. Бир нече адам баланы жерге алып түшкөнгө аракет кылышканы менен ал натыйжа берген эмес. Себеби алар ымыркайдын бирин чатырдан жерге кулатып алышкан. Ал эми эгиздердин дагы бир түгөйүн аман сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Аны да чарчап калган абалда суудан табышкан.

Ымыркайлардын төрөлгөнүнө 8 гана күн болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulina90
2021-02-17 08:48:59
Ии атып жок кылбайбы маймылды,наристелерге боорум оооруду.Энеси кантти экен.
+17
ainura220888
2021-02-17 09:34:51
Олуп эле калышсын маймылдар. Решётка коюшбайбы баардык жагына ошондой коопсуз нерселерди билгенден кийин. Агрессивный маймылдарды атып кырып жок кылып салыш керек. Адам омурунон откон баалуу нерсе жок жер жузундо!
+11
king_era
2021-02-17 13:29:43
Маймылдарды эркелетип журо берсе мындан да жаман окуяларга дуушар болуусу мумкун... Атып же жапайы корук кылып коюшса жакшы болмок экен...
+1
AykaMer
2021-02-17 15:17:49
Тооба кылдым....бала жаткан үйдүн айнектерин жаап койсо болмок экен...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан