Бир жылдан кийин. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жубайы эл алдына чыкты

Түндүк Кореянын биринчи айымы 1 жыл ичинде алгачкы жолу эл алдына чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Ли Соль Чжу күйөөсү менен биргеликте Ким Чен Ирдин (Ким Чен Ындын атасы) туулган күнүнө арналган концертке келген.

Маалымат каражаттары биринчи айым Ким Чен Ирдын карындашы Ким Гён Хинин айынан кетип калганын, мындан улам ал эл алдына чыкпай жатканын жазып чыгышкан. Анткени Ким Чен Ын атасынын карындашы болгон Ким Гён Хиге аябай жакын экени буга чейин айтылып келген.

Ошондой эле, Ким Чен Ынды өзүнүн мурдагы сүйүктүүсү 43 жаштагы ырчы Хен Сон Воль менен көрүшкөн, бул дагы биринчи айымдын эл алдына чыкпай калганын бирден-бир себеби болушу мүмкун экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан