Нигерияда 40тан ашык адам барымтага алынды

Нигериянын Кагара айылында 42ге чукул адам барымтага алынды. Анын ичинде 27си окуучу. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Нигерия штатынын губернатору Абубакар Сани-Белло дайынсыз болуп жаткан адамдардын ичинен 27си окуучу, 3 окуу жайдын кызматкери жана 12 үй-бүлө бар экендигин билдирген. Бирок адамдар кимдер тарабынан барымтага алынганы белгисиз болууда.
"Аталган өлкөнүн президенти Мухаммаду Бухари орун алган окуядан соң жерине полиция кызматкерлерин жана армияны дайынсыз жоголгондорду издөө үчүн жөнөткөн. Жергиликтүү бийлик мектептердин жабылышына буйрук берди. Окуучулардын бири кол салуудан улам каза болгон.
Мектепте жалпы 650 окуучу окуп келген", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан