Гонконгдо Азиядагы эң кымбат батир сатылды

Кытайдын "CK Asset Holdings" компаниясы Гонконгдогу Азия боюнча эң кымбат делинген батирди сатты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, батирдин жаңы кожоюнунун аты-жөнү ачык айтылган эмес. Ал 314 чарчы метрлик турак-жайы үчүн 59 миллион доллар төлөгөн.

"Беш бөлмөлүү батир Мид-Левелс районунда жайгашкан. Адистердин айтымында, мындай баа кыймылсыз мүлк рыногунун калыбына келе баштаганынан кабар берет. Гонконг кыймылсыз мүлк баалары боюнча ар кандай рейтингдерде дайыма биринчи орунду ээлейт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazmina909090
2021-02-19 07:05:07
Матраимов алышы деле ыктымал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан