Улуу Британияда карантиндик мейманканалар ачылды. Ал эпидемиялык абал кооптуу өлкөлөрдөн келгендер үчүн даярдалган. Мейманканаларга адамдар аэропорттон түз жеткирилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бийлик мындай кадам менен коронавирустун жаңы түрлөрүнүн жайылышына жол бербөөгө аракет кылууда.
"Премьер-министр Борис Жонсондун айтымында, Улуу Британияда калктын 22 пайыздан ашыгы вакцинанын биринчи дозасын алышкан. Бийлик өнөктүктүн кийинки этабына киришти. Эмдөө 65 жаштан 69 жашка чейинки жана ден соолугу начар адамдарга сунушталат", - деп жазылат маалыматта.