Москвадагы зоопаркта жашаган панданын карда ойноп жаткан видеосу интернет колдонуучуларынын көңүлүн көтөрдү. Аталган видео зоопарктын социалдык тармактагы баракчасында жарыяланган.
"Биздин панда Диндин үчүн кар көңүл ачууну гана билдирет. Ылдыйга түшүп, кар күрткүлөрүнө болгон күчү менен кирип, кар кесегин таап алып аны менен көпкө чейин ойнойт. Ошондой эле дөңгөлөктү айдоо жана башка, жалпысынан алганда анын жасай турган иштери көп", - деп билдирген аталган зоопарктын кызматкерлери.