Европанын адам укуктары боюнча соту Навальныйды бошотууну талап кылды

Европанын адам укуктары боюнча соту орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйды камактан бошотууга чакырды. Мындай талап камтылган документтин көчүрмөсү Навальныйдын баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Орус бийлиги аталган соттун бул талабын аткаруудан баш тартты.

"Орусиянын Юстиция министрлиги Европа сотунун чечимин аткаруу ниети жок экенин билдирди. Министрлик бул чечимди “суверендүү өлкөнүн сот системинин ишине одоно жана негизсиз кийлигишүү” деп атады", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин 2-февралда Москва соту Алексей Навальныйды 3 жарым жылга эркинен ажыраткан. 2017-жылы Адам укуктары боюнча Европа соту дал ушул иш боюнча Навальныйдын укугу бузулду деген чечим чыгарган. Анын негизинде саясатчыга компенсация төлөнгөн. Бирок Орусиянын Жогорку Соту Навальныйга карата сот чечими мыйзамдуу деп, аны өзгөртүүдөн баш тарткан.

Эске салсак, Алексей Навальный 17-январь күнү Берлинден Москвага учуп келери менен "Шереметьево" аэропортунда кармалган. Ал баш коргоо чарасы аныкталганга чейин камакта калары маалым болуп, 30 күнгө камакка алынган болчу. Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва багыты боюнча учуп бара жатып, өзүн жаман сезгендиктен учак Омск шаарына конуп, ал ооруканага жаткырылган. Кийин анын абалы начар болуп кеткендиктен Германияга которулуп, дарыгерлер уулангандыгын аныкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан