Дональд Трамптын 39 кабаттуу мейманканасы жардырылды (видео)

АКШнын Нью-Жерси штатындагы Атлантик-Сити шаарында АКШнын экс-президенти Дональд Трампка таандык болгон 39 кабаттуу "Trump Plaza" мейманканасы жардырылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, имараттын бузулушун көрүү үчүн шаар тургундары агылып келишкен. Аталган мекеме 1984-жылы май айында ачылып, шаардагы 10чу казино болуп калган. Бирок ал 2014-жылы жабылып калгандан кийин миңдеген адамдар жумушсуз калышкан.

Казино ишин токтотконуна байланыштуу ага ээлик кылуу Trump Entertainment Resorts компаниясына өткөн. Атлантик-Сити шаарынын мэри Марти Смолл өзүнүн администрациясына имаратты бузуу үчүн тапшырма бергендиги айтылууда.

Трамптын 39 кабаттуу мейманканасынын жарылышы видеого түшүп калган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
jaz99
2021-02-18 11:12:50
Копкон жиндилер
+2
mirkaa5182
2021-02-18 11:51:59
Бузуш, бүлүндүрүш оңой куруу кыйын.
+5
Nursul
2021-02-18 14:07:22
Үйү жок жүргөндөргө берип койсо жакшы болмок экен бузгуча. Эми бөлөк өлкө менен ишибиз не бул жөн гана менин оюм
+3
nurdan2018
2021-02-18 16:09:08
Бироолорго зар дуйно,бироолорго кор дуйно деген ушул да америкада деле уй алалбай жургондор толтура болуш керек
+4
Gulina90
2021-02-18 19:33:16
Жардырбай уйсуздорго болуп берип койсо сооп болмок да.Эми буларда акча копда каякка жумшашын билбей журушот
+1
Anikin83
2021-02-18 22:05:30
Менимче "Один дома"фильми ушул жерде тартылган болуш керек эле.Трамп озу да бир сюжетте бар себеби киного озун кошсо гана уруксат берерин айткан
+3
Danysh1
2021-02-19 07:34:40
40 жылга чукулдап калыптыр эскилиги жетти дешсе керек дом салыш оңой элего алар үчүн
+1
Allahim
2021-02-19 07:45:01
Пандемия учурунда ооруулуулар батпай коридорлорго жаткырып журушподу эле ошол кезде берип койсо болмок, же азыр деле кеч эмес эле, жардырбай эле откоруп берсе болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан