Германиянын Оберстдорф шаарында өтө турган лыжа спорту боюнча Дүйнө чемпиондугунда орусиялык спортчуларга гимндин "Катюша" ырын колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Белгилүү болгондой, Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги Орусияга каршы санкция киргизгендигине байланыштуу аталган өлкөнүн жеңишке жетишкен спортчуларынын урматына олимпиадалык оюндардын гимни коюлат.
Өткөн жылдын 17-декабрында Спорттук арбитраждык сот Орусиянын спортчулары үчүн Дүйнө чемпиондуктарына жана олимпиадалык оюндарга өлкөнүн желеги алдында катышууга, улуттук гимнди колдонууга 2 жылдык мөөнөткө тыюу салган. 2-февраль күнү Орусиянын лыжа спорту боюнча федерациясынын президенти Елена Вяльбе Германияда өтө турган Дүйнө чемпиондугунда гимндин ордуна "Катюша" ырын колдонуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирген.