Улуу Британияда ондогон дени сак жарандарга коронавирус инфекциясын атайылап жуктурушат. Буга аталган илдеттин адам организмине тийгизген таасиринин механизмин изилдөө себеп болгонун дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, экспериментке 18 жаштан 30 жашка чейинки 90го жакын ыктыярчы катышат. Эксперименттин биринчи тобуна катышкандарды организмдин иммундук реакциясы үчүн вирустун минималдуу өлчөмүн аныктаган тест күтөт. Ыктыярчылардын экинчи тобу COVID-19 дарылоо үчүн дары-дармектердин натыйжалуулугун текшерүүгө катышат.
Мындай сыноого катыша турган ыктыярчылар кеминде эки апта ооруканада карантинге алынып, жугуштуу оорудан айыкканга чейин күнү-түнү көзөмөлдө болушат. Ошондой эле ар бир ыктыярчыга 4500 фунт (болжол менен 531 миң 419 сом) төлөнөт.
Окумуштуулар мындай ыкма менен коронавирустун таралышына таасир этүүчү факторлорду аныктоону, ошондой эле адамдарды кайрадан жугуштуу оорулардан сактоо үчүн зарыл болгон иммундук реакцияны аныктоону пландаштырууда.
Бул экспериментти жүргүзүү Улуу Британиянын Клиникалык изилдөө этикалык комитети тарабынан жактырылган жана 2021-жылдын март айынын аягына пландаштырылган.