Дүйнөгө белгилүү орусиялык модель Ирина Шейк өзүнүн косметикалык брендинин фотосессиясына катышты. 35 жаштагы модель жарнамада эрин маскасын көрсөткөн.
Ирина фотосессиянын видеотасмасын Instagram баракчасына бөлүштү.
Анын жүктөгөң видеосуна үзгүлтүксүз жүз миңдеген "лайктар" басылып, күйөрмандарынын кубанычын билдирген комментарийлер жазылууда.
Ал көбүнчө белгилүү журналдардын мукабалары үчүн ачык сүрөттөргө тартылат.
Анын кемчиликсиз келбети жана экзотикалык сулуулугу элдерди суктандырып келет. Көп акы төлөнүүчү модель көптөгөн бренддердин жүзү.