АКШнын Түштүк Каролина штатында бойдон алдырууга тыюу салынды

АКШнын Түштүк Каролина штатынын губернатору Генри Макмастер штатта дээрлик бардык бойдон алдырууга тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, түйүлдүктүн жүрөгү согуп баштаган убактан, башкача айтканда, болжол менен кош бойлуулуктун алтынчы жумасынан кийин бойдон алдырууга тыюу салынган. Бул боюнча аялдардын ден соолукту чыңдоочу "Пландык ата-эне" уюму бул документ АКШнын баш мыйзамына каршы келет деп сотко кайрылган.

Райондук соттун судьясы Майкл Юпперттин айтымында, кош бойлуулуктун алтынчы жумасында түйүлдүккө али жан кире элек болот. Кошмо Штаттардын башка аймактарында, адатта, түйүлдүк жатындан тышкары жашоого жөндөмдүү болгондон кийин, башкача айтканда, 24-жумадан кийин бойдон алдырууга тыюу салынат.

Бойдон алдыруу көйгөйү АКШда кызуу талкуу жаратып келүүдө. 1973-жылы аялдын бойдон алдырууга болгон укуктары конституциялык деңгээлде бекитилген. Ошол эле учурда, штаттар кош бойлуулукту токтотууга өз алдынча чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн.

Буга чейин АКШнын шайланган президенти Джо Байден Дональд Трамп тарабынан бойдон алдырууга жана үй-бүлөнү пландаштыруу жаатында киргизген чектөөлөрүн алып сала турганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан