"Мекениңди өзүң менен кошо алып кете албайсың, ага болгон сагынычты гана алып кетесиң" деп улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов бекеринен айтпаса керек. Кайда жүрбө, кандай турмуш кечирбе киндик кан тамган жер ар бир адамдын жүрөгүндө өзгөчө орунда турат.
Ошол кооздуктун, сулуулуктун арасында жүрүп айрым учурда ушундай бир керемет өлкөдө жашап жатканыбызды эстен чыгарып коёбуз. Бирок чет элдиктер келип суктанып, көз албай тиктеп, мактоо сөздөрүн айтканда ичибизден маашырлана сыймыктанып калабыз.
Бул сүрөттөрдү көргөндө акын Зайырбек Ажыматовдун "Падыша эл" ырынын саптары эске түшөт
"Көк теңирге, ай-ааламга тийишкен
Байкуш болбо башты төмөн ийип сен
Бизге теңир берген улуу тоолорду
Бүт дүйнөнү карасын деп бийиктен..."
Сиздин назарыңызга эл аралык сынактарда байгелүү орундарды ээлеген чет элдик сүрөтчүлөр Антон Агарков, Денис Франтсоузов, Aльберт Дрос, Жуно Ким жана Ричард Ватсондун эмгектерин тартуулайбыз.