АКШнын космос кемеси Марс планетасына конду

Марс планетасына америкалык "Perseverance" космостук аппараты автономдуу режимде планетанын бетине конду. Бул тууралуу НАСАга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын июль айында жиберилген аппарат белгиленген жерге конгондугу тууралуу 19-февраль Бишкек убактысы боюнча саат 02:55те белгилүү болгон.

Жер менен космос кемесинин ортосунда сигнал өткөнгө чейин 11 мүнөт талап кылынгандыктан, конуу автономдуу режимде өткөн. Жерге аппараттын Марстын бетине конгондугу тууралуу радиосигнал 11 мүнөттөн кийин жеткен.

"Perseverance" космостук аппараты буга чейин НАСА тарабынан Марсты изилдөө үчүн жиберилген бешинчи америкалык кеме болуп саналат. Анын салмагы 1025 килограмм, узундугу 3 метр жана туурасы 2 метр 70 сантиметрди түзгөн дүйнөдөгү эң чоң космостук аппарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bakyi
2021-02-19 15:14:59
Түнү онлайн космос кемесинин Марска конгонун көрдүм. Космос кемесинде вертолёт да бар эле эми учуруп көрүшөт, мурда Марста бирөөлөр же жандыктар болгонбу деген суроолорго жооп издейт.
Окуган озуп окубаган тозуп жүрө берет экен.
+2
lotte
2021-02-19 15:29:30
2 метр 700 сантиметр??? Тушунуктуу...
+3
bond02
2021-02-19 15:33:20
Марс менен жердин аралыгы 8 айлык жол болобу ошондо?
+1
Bakyi
2021-02-19 17:58:12
bond02,7
0
Mustafo
2021-02-19 22:47:31
bond02,ооба
0
bond0202
2021-02-19 18:06:58
Биздики да 70-80жылда конуп калса керек буйруса
+2
Alinur96kg
2021-02-19 19:18:45
bond0202,Буйруса деп койо берели.
+2
make2
2021-02-19 19:25:41
2,7 метр сантиметр деген барбы?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан