Казакстанда мурунку милиционер жубайы Асел Алканованы алты жыл бою токмоктоп келген. Кийинчерээк аялы күйөөсүнөн көргөн зомбулук тууралуу басылмага жазып чыккан. Бул тууралуу казакстандык маалымат булактарында айтылат.
Учурда Жексенов Асел Алкановадан ал тууралуу ЖМКга жарыялаганы үчүн бир миллион теңге талап кылууда.
Милиционер тууралуу жазган басылманын башкы редактору Лукпан Ахмедьяров сотко чакырылып, үчүнчү жак катары катышкан. Мурунку полиция кызматкеринин жактоочусу ММКны автор тууралуу ачык жарыялаганы үчүн экинчи айыпталуучу катары жоопко тартууну талап кылып жатат. Бирок гезит жазгандай, сот процесси башталганга чейин Жексеновдон жана анын жактоочусунан редакциянын атына эч кандай дооматтар түшкөн эмес.
Мындан тышкары, мурунку милиционер соттон эки юридикалык окуяны бир кароону талап кылууда. Анын доо арызына ылайык, сот сабоо фактысын четке кагуусу жана басылманын сайтында жана социалдык тармактарда тараган маалыматтар төгүндөлүшү керек. Башкы редактордун өтүнүчүн карап чыккан сот Хатим Ерсенова доо арызды кароосуз калтырган.
Асел Алкановага карата моралдык зыяндын ордун толтуруу жана күйөөсүнүн ар-намысын коргоо боюнча сот иши улантылат.
Эске салсак, 2020-жылы май айында Батыш Казакстан облусунда милиция кызматкеринин жубайы социалдык тармактарга күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынып жаткандыгын жазган. Ал башынан жаракат алып, жаагы сынган. Кийинчерээк күйөөсү жумушунан алынганы белгилүү болгон.