Финляндияда медициналык текшерүүдөн баш тарткандар түрмөгө кесилиши мүмкүн

Финляндиянын өкмөтү коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында мыйзамдарды катаалдаштырууну пландоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, тестирлөөдөн баш тарткандар айып пул төлөйт же үч айга чейин камакка алынышы мүмкүн. Тийиштүү мыйзам долбоору өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жума күнү парламенттин кароосуна жиберилген.

"Мисалы, COVID-19 эпидемиясы учурунда мамлекеттик органдар аэропортто милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Эгер адам милдеттүү медициналык кароодон баш тартса, ага айып пул салынышы же үч айга чейин камалышы мүмкүн",- деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Маалыматка ылайык, парламент кабыл алса, мыйзам 22-февралда күчүнө кирет деп күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан