Япония өлкөсүндө коронавирустун жаңы штаммы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Япониянын Улуттук инфекциялык институту COVID-19дун мутацияланып кетиши учурдагы вакциналардын натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн экенин билдирген.
"Бул вирустун жаңы түрү бат тараган касиетке ээ экендиги болжолдонду. Өкмөттүн башкы катчысы Кацунобу Като коронавирустун жаңы штаммы 93 кишиден аныкталганын билдирди. Илдеттин жаңы түрү өлкөгө учуп келген эки жарандан табылса, калганы Канто аймагында аныкталган", - деп жазылат маалыматта.