UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов атаандашы Жастин Гэтжи менен кармаш учурунда барган психологиялык куулугу жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу ал интервью берип жаткан учурунда айткан.
Спортчу анда атаандашы менен болгон сүйлөшүү тууралуу эскерүүлөрүн бөлүшкөн.
"Мен бул күрөштү физикалык абалы боюнча эмес, психологиялык жактан жеңгениме ишенем. Мен аны сөз менен сындыра алдым",- деген Нурмагомедов.
Орусиялык мушкер 2020-жылдын октябрь айында америкалык Жастин Гэтжини уткандан кийин спорттон кетерин жар салган. Мындай чечимди ал апасынын өтүнүчүнөн соң кабыл алганын билдирген.
Нурмагомедов карьерасында 29 ирет беттешке чыгып, баарында жеңүүчү аталган.