Орусиянын Красноярск крайындагы Норильск кенди байытуучу фабрикасынын 1000 чарчы метрди түзгөн цехи кыйрап калды. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, бир нече адам жараат алганын РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кыйраган имараттын алдынан эки жумушчу өз алдынча чыккан. Төрт жаранды куткаруучулар алып чыгып, алардын бири дарыгерлердин колунда көз жумган. Мындан сырткары азыркы тапта кыйроо алдында калган жумушчуларды издөө иштери уланып жатат.
Кырсыктын келип чыгуусуна ишкананын курулуш иштерин жасап жаткан учурдагы шалаакылык себеп болгону айтылууда.