Германиянын Байройт шаарындагы чач-тарачтын ээси бир күндүк кардарларынын чачын 422 еврого (43 миң 26 сом) сатты. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, чач-тарачтын Андреас Нуиссль аттуу ээси кардарларынын чачын аукционго 10-февралда койгон. Анын койгон чачы аукциондон 20-февралда 422 еврого сатылган. Ал аукциондон түшкөн акчаны эки коомдук уюмду колдоого жумшайт. Мындан тышкары, ал март айында ушундай эле аукцион уюштурууну көздөп жаткандыгын айткан.
Германияда коронавируска каршы чектөөлөргө байланыштуу чач-тарачтар жана сулуулук салондор 2020-жылдын 16-декабрынан тарта жабык. Алар 1-марттан баштап ачылышы керек.