Орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйдын жубайы Юлия Навальная Москвага кайтып келди

Орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйдын жубайы Юлия Навальная Москвага кайтып келди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Басылмалардын жазганына караганда, Юлия Навальная Германиядан Москвага бүгүн кайтып келген.

Буга чейин, атап айтканда 11-февралда Юлия Навальная Орусиядан чыгып кеткени, Германиянын Франкфурта-на-Майне шаарына барганы кабарланган.

Белгилей кетсек, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан. Көп өтпөй Алексей Навальныйга карата сот 3 жарым жылга кесүү чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Apyn8793
2021-02-23 02:47:23
Надоела ушул Навальныйлар, ушулардын айынан кочодо баса албай калдым, кочонун баары мент, документим жогунан.
+3
Asmat84
2021-02-23 08:39:09
Apyn8793, туура айтасың тойгозду ушул навалный
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан