Орусиянын президенти Владимир Путин жана Беларусь президенти Александр Лукашенко Сочиде жолугушту. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, Владимир Путин жана Александр Лукашенко күн тартиби боюнча эл аралык темада пикир алмашат.
"Эки өлкөнүн лидерлери Орусия менен Беларусь өлкөлөрүнүн мамилелерин өнүктүрүүгө анын ичинде аскердик коопсуздук жаатында интеграция түзүмдөрдө өз ара аракеттенүүгө байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулай турганы пландалууда",- деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары Владимир Путин жана Александр Лукашенко лыжа тээп жүргөндөгү видеосу жарыяланды.