"Boeing учактарынан экинчи жолу кайталанды". АКШда Boeing 757 учагы авариялык конуу жасады

АКШдагы ири авиакомпаниялардын бири болгон "Delta Air Lines" авиакомпаниясына таандык Boeing 757-200 учагы Солт-Лейк-Сити авариялык абалда конду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учактын сол кыймылдаткычында көйгөй жаралгандыктан учак авариялык конууга аргасыз болгон. Boeing 757-200 Атлантадан Сиэтлге бара жаткан. Учурда учактын эмне себептен авариялык абалга келгени иликтенүүдө.

Өткөн ишембиде дагы "United Airlines" авиакомпаниясына таандык Boeing 777 учагы АКШнын Денвер шаарынан учуп чыккандан бир нече убакыт өткөндөн кийин кыймылдаткычы иштебей, айрым сыныктары турак жайларга кулап түшкөн. Көп өтпөй учак Денверге аман-эсен конгон. Учактын бортунда жана урандылардын кулашынан улам курман болгондор жөнүндө маалымат жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан