Израилдин жээгинде көптөгөн деңиз жандыктарынын кырылуусуна себеп болгон экологиялык кырсык катталды (сүрөт)

Израил бийлиги Жер Ортолук Деңиздин 170 чакырымга созулган жээгиндеги бардык пляждарын жапты. Буга деңиз жээгиндеги суулардын мунай зат менен булганышы себеп болгонун дүйнөлүк басылмалардын жазган маалыматында айтылат.

Жергиликтүү бийликтин маалыматында бул акыркы жылдарда болгон деңиздеги ири кырсыктардын бири. Кырсыктын кесепетинен көптөгөн деңиз жандыктары кырылган.

Суунун булганышынын себеби азырынча аныктала элек. Болжолдуу маалыматтар боюнча, бир нече автоцистерна мазутту байкабастан же атайылап деңизге ыргытып жиберген. Европа деңиз коопсуздугу агенттиги күйүүчү майды сууга төгүүгө Израилдин жээгинен 50 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан он кеме шектүү экенин билдирген. Маалыматка ылайык, алардын кайсынысы көйгөйдүн күнөөкөрү экендигин алдыдагы изилдөөлөр көрсөтөт.

Булганган аймакты тазалоо үчүн адистер менен катар аскер кызматкерлери жана көптөгөн ыктыярчылар келишкен. Алардын айрымдары уулуу түтүн менен дем алып, ооруканага түшүп калган. Ошондуктан бийлик жээктеги бардык иш-чараларга тыюу салган.

Айлана-чөйрөнү коргоо министри Гила Гамлиелдин айтымында, экологиялык кырсык менен бир нече күндүн ичинде күрөшүү мүмкүн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан