NASA Марс планетасынан жазылып алынган аудио жазууну жарыялады

АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос агенттиги (NASA) "Perseverance" космостук кемеси Марска конгондон кийин планетадан жазылып алынган аудио жазууну социалдык тармактарга жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аудио жазууда күңгүрөгөн сыяктуу добуштарды угууга болот. “Марсты көрдүңөр, эми аны угуңуз. Наушниктериңизди алып, менин микрофондорумдун бири жаздырган биринчи үндөрдү угуңуз”, - деп айтылат Perseverance роверинин атынан жазылган баракчада.

Андан бир күн мурун, 22-февралда NASA Марстын бетине конгон "Perseverance" аппаратынын видеосун көрсөткөн. Кадрларды аппараттын бортундагы бир нече камера тартып алган. Алардын бири төмөндө эмне болуп жаткандыгын, айрыкча планетанын бетин видеого тартып алган. Экинчиси жогору жактан процессти көрсөттү. "Perseverance" космостук аппараты Марс планетасына 19-февраль түнү конгон.

Космостук кеменин конушу болжол менен жети мүнөткө созулган. Анын жүрүшүндө бардык операциялар автоматтык түрдө жүргүзүлгөн. NASA'нын адистери Марста жашоо мүмкүнбү деген суроого жооп издешет.

Марс планетасынан жазылып алынган аудио
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sardarakam
2021-02-23 16:02:55
Эчнерсе кызыктуу жоко
0
faraon312
2021-02-23 16:38:47
Аябай уккулуктуу го
+1
Jibakana
2021-02-23 16:42:38
Дззззззззз....деген эле ун го
+1
Nuran-1982
2021-02-23 17:08:25
Марста шамал болуп жатабы.
+1
ruslan_92kg
2021-02-23 22:03:07
Табышмак бизге эртерээк сырын ачкылачы. Марста жашоо болсо кетели
0
Bolotbek9191
2021-02-24 05:20:10
Жашоо болбойт жерден башка жерде ал жакта кычкылтек жок болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан