Орусияда аял 11 жаштагы кызы менен 3 жашар уулун өлтүрүп андан соң өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган

Орусиянын Москва шаарында 36 жаштагы аял 11 жаштагы кызы менен 3 жашар уулун өлтүрүп андан соң өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя 20-февралда шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде орун алган. Анда аял 3 жаштагы баласын тумчуктуруп өлтүргөнү аныкталган. Ошондой эле үйдөн аялдын 11 жаштагы кызынын дагы сөөгү табылган.

Укук коргоо органдары аял өзүн-өзү да өлтүрүүгө аракет кылганын ал моюнундагы жарааты менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин ал тергөө абагына жибериле тургандыгы айтылган. Аялдын эмне себептен мындай жолго баргандыгы тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulizaa
2021-02-24 01:25:15
Байкуш ал да озу жалгыз болсо кыйналган го .Эмнеси болсо да аябай жаман болуптур,балдарга
+1
munarbek.92
2021-02-24 02:21:13
Ислам динине отуш керек Исламда баардык проблемага чечимдер бар ушуга окшогондор жашоодон максаты калбаганынан ушундай жолдорго барышат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан