Украина COVID-19га каршы биринчи европалык AstraZeneca вакцинасын каттады. Маалыматты өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыктаганын чет элдик басылмалар жазды.
Ага ылайык, Украинада COVID-19га каршы Oxford / AstraZeneca вакцинасын мамлекеттик каттоого алуу жөнүндө арыз Саламаттыкты сактоо министрлигинин мамлекеттик эксперттик борборуна жөнөтүлгөн. Украинанын президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенко коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы 23-февралда эртең менен жеткирилет деп эсептейт. Вакцина Оксфорд университетинин жана британ-швед AstraZeneca компаниясынын өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан. Мындан тышкары, аталган вакцина Индиядагы Serum институтунун ишканаларында чыгарылып, жергиликтүү Covishield аталышына ээ.