Индонезияда Абдулла Нурен аттуу балыкчы Рота аралынын жээгинен бет түзүлүшү адамдын жүзүнө окшош болгон акуланын баласын кармады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, балыкчы тор салып андан акула кармап алган. Ал акуланы сатуу үчүн союп жатканда ичинен акуланын балдары табылган. Эки акула кадимки акулаларга окшош болсо, үчүнчүсүнүн жүзү адамдыкына окшош болгон. Балыкчынын айтымында, кошуналары акуланын баласын сатып алгылары келген, бирок ал макул болгон эмес.
"Менин үйүмө акуланы көрүү үчүн көптөр келди. Бирок мен аларды саткан жокмун. Бул акула мага ийгилик алып келет деп ойлойм", - деген балыкчы.