Чөгүп кеткен деңизчинин өмүрүн таштанды сактап калды

Тынч океанында эски кеменин таштандысы жүк ташуучу кемеден кулап кеткен деңизчини куткарууга жардам берди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 52 жаштагы деңизчи Видам Перевертилов жана анын экипажы Таурангойдон Питкэрн аралына бара жаткан. Алар Silver Supporter жүк кемесинде болушкан. 16-февралда Перевертиловдун денеси ысып, башы айлана баштаган. Ал эсин жоготуп, сууга кулап түшкөндө эч ким байкабай калган.

Бир нече саат бою деңизчи өзүн жоготпоого аракет кылган. Акыры сууда өзүн кармоого күчү калбай баратканда өзүнө жакын жердеги кара чекитти көргөн. Ал кара чекит ​​эски кеме болгон. Экипаж дайынсыз жоголгон деңизчини тапканга чейин Видам эски кемеде жанын сактап турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2021-02-24 15:49:12
Робинзон деп эле койбоптур жомоктун атын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан