Бүгүн, 27-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 113 миллион 375 миң 335 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 63 миллион 926 миң 470 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 515 миң 896 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 28 миллион 484 миң 429 болду. 510 миң 323 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 63 миң 491 адамдан аныкталды. 156 миң 825 адам каза болсо, 10 миллион 750 миң 680 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.