"Каза болгондор бар". Украинадагы ооруканада жарылуу катталды

Бүгүн, 27-февралда Украинанын Черновцы шаарындагы №1 шаардык ооруканасында жарылуу катталды. Маалыматты чет элдик басылмаларга облустук администрациянын башчысынын орун басары Наталья Гусак тастыктаган.

"Ооруканада абал оор болуп өзгөчө кырдаал жарыяланды. Мен азыр жарылуу катталган ооруканадамын. Бейтаптар башка ооруканаларга көчүрүлүп жатат", - деген Гусак.

Ал эми Украинанын жергиликтүү басылмалары шаардык оорукананын экинчи кабатындагы коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткан бейтаптар жактагы кычкылтек баллон жарылганын жазып чыгышты. Алардын билдирүүсүндө, жарылуудан каза болгондор бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан