Ташкентте бир үйдө чогуу жашаган 5 студент белгисиз нерседен ууланып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү саат 20:50 чамасында үйдөн студенттердин жансыз денеси табылган.
Укук коргоо органдарынын алгачкы соттук-медициналык экспертизасынын жыйынтыгында алар белгисиз нерседен катуу ууланышкан.
Учурда өлкөнүн укук коргоо органдары бул факты боюнча иш козгоп, териштирүү иштерин баштады.