Америкалык режиссёрлор Питер Доктер жана Кемп Паэурс тарткан "Жан" мультфильми "мыкты анимациялык тасма" номинациясында "Алтын глобус" сыйлыгын алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, "Алтын глобус" сыйлыгына 78-жолу сыйлоо аземи быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу онлайн режимде болуп өткөн. Аталган сыйлыкка Глен Кин жана Жон Карс "Айга саякат", Дэн Скэнлондун "Алга", ошондой эле Томм Мур жана Росс Стюрт "Карышкырлар жөнүндө легенда" деген анимациялык тасмалар катышкан.