Ташкентте кафеге өрт коюлуп, 5 адам каза болду

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын Чиланзар аймагындагы кафеге өрт коюлуп, анын кесепетинен 5 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өрт 27-февраль күнү түнкү саат 03:51де чыгып, 04:37де өчүрүлгөн. Алгач жабыркагандар тууралуу так маалымат айтылган эмес. Кийинчерээк Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы өрттүн кесепетинен беш адам каза болгонун билдирген.

Кылмышка шектүү катары Самарканд облусунун мурда соттолгон тургуну кармалды. Башкармалык өрт атайылап жасалганын билдирди.

Бул факты боюнча Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөөнү Ташкент шаардык прокуратурасы жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina90
2021-03-01 20:33:29
Эмне себептен өрттөдү экен,ошончо адамдын тагдырын ойлободу бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан