Бүгүн, 2-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 114 миллион 417 миң 54 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 64 миллион 603 миң 750 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 537 миң 563 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 28 миллион 659 миң 784 болду. 514 миң 333 адам каза болсо,12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 112 миң 241 адамдан аныкталды. 157 миң 157 адам каза болсо, 10 миллион 786 миң 452 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.