Голливуд актрисасы Анжелина Жоли Улуу Британиянын мурунку премьер-министри Уинстон Черчиллдин "Кутубия мечитинин мунарасы" аттуу сүрөтүн 11 миллион 500 миң долларга сатып, дүйнөлүк рекордду жаңылады. Буга чейинки рекорд 2014-жылы "Sotheby" аукционунда болгон. Анда премьер-министрдин эмгеги 2 миллион 700 миң долларга сатылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Сүрөт Черчиллдин Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде тарткан жалгыз эмгеги болгон. Ал аталган эмгекти 1943-жылы Касабланкадагы саясий сүйлөшүүлөр учурунда тарткан. Кийин аны АКШнын президенти Франклин Рузвельтке белек кылган. 2011-жылы "Кутубия мечитинин мунарасын" Жоли мурдагы жолдошу, актёр Брэд Питт экөө сатып алган.
Башында "Christie’s" мода үйү Черчиллдин сүрөтүн 3 миллион 400 миңге сатылат деп болжолдогон. 1-мартта өткөн аукциондо "Кутубия мечитинин мунарасынан" тышкары, Черчиллдин дагы эки сүрөтү сатылган.
"Марракештеги көрүнүш" жана "Ыйык Пабылдын көрүстөнү" деген картиналар алдын ала эсептөөдөн үч эсе жогору баада сатылган.
Уинстон Черчилль 40 жашында сүрөт тарта баштаган жана баш-аягы 500гө чукул сүрөт тарткан. Ал британ өкмөтүн 1940-1945-жылдары жана 1951-1955-жылдар аралыгында башкарган.
1965-жылы 24-январда каза болгон.