Түркмөнстанда айымдардын эл аралык күнүнө карата 2 доллардан берилет. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, акчалай белек президент Гурбангулы Бердимухамедовдун атынан тапшырылат.
Маалыматта айтылгандай, акчалай белекти мамлекеттик, жеке мекемелерде иштеген, пенсия, жөлөк пул, стипендия алгандар, окуучулар жана бала бакчалардын тарбиялануучулары дагы алышат. Алардын ар бирине 60 манаттан же 2 доллардан берилет.
Ал эми үй кожойкелери, жеке ишкерлик менен алектенгендерге берилбейт. Былтыр дагы Түркмөнстанда айымдардын эл аралык күнүнө карата 60 манаттан берилген.