Батыш Африкадагы Нигерия өлкөсүнүн Замфара провинциясында куралчан адамдар уурдап кеткен окуучу кыздардын 279у куткарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Аталган аймактын губернатору Белло Мухаммед Матавалленин билдирүүсүндө 26-февралда таң эрте белгисиз куралчан адамдар провинциянын Жангебе районундагы жатак мектепке кол салып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Кол салуудан кийин 7 окуучу кыз куралчан адамдардын колунан качып чыккан.
Матавалле полиция окуучуларды кантип куткаргандыгы жөнүндө маалымат берген жок. Маалыматка ылайык, куткарылган кыздардын ден соолугу жакшы. Ал эми калган 31 окуучуну куткаруу иштери улантылып жаткандыгы белгилүү болду.