231и айымдар. Дүйнөдөгү миллиардерлердин саны 3228ге жетти

Дүйнө жүзүндөгү миллиардерлердин саны 3228ге жетти. Бул тууралуу "Hurun Research Institute" компаниясынын изилдөөсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, планетанын миллиардерлеринин жалпы каражаты 15-январга карата 14 триллион 700 миллиард долларды түзөт. Биринчи орунда 197 миллиард долларга ээ болгон "SpaceX" жана "Tesla" компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск турса, экинчи орунга 189 миллиард доллары бар "Amazon" компаниясынын ээси Жефф Безос жайгашкан. "Louis Vuitton" компаниясынын президенти Бернар Арно 114 миллиард доллары менен 3-орунду ээлеген.

Өлкөлөр боюнча алгачкы 3 орунда Кытай, АКШ жана Индия жайгашкан. Тактап айтканда, Кытайда 1058, АКШда 696, Индияда 177 миллиардер бар.

Ал эми миллиардер айымдардын саны 231ге жеткен. Алардын 60 пайыздан ашууну кытайлыктар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kkkk3259780
2021-03-03 09:04:40
кытай баары бир 1 орунда..
0
zhazgul98
2021-03-03 09:19:28
Китай бул атеизмди карманган онуккон мамлекет.
Диний идеялогия Кытайда жабык. Кытай дуйнодон эч нерсе сатып албайт. Ал дуйнону өзү сатып алат.
-2
batleybesh
2021-03-03 10:12:08
zhazgul98,неге сен атеист болуп онуккон жокмун озун?
+1
batleybesh
2021-03-03 10:13:04
Калтырган комментарияндан билип турат денгелин кандай экени
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан