Белгилүү Голливуд актёру Аль Пачинонун "Алтын глобус" киносыйлыгын тапшыруу аземинде уктап кеткен видеосу тарады. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, актёр "Драмалык телесериалдагы эркектин эң мыкты ролу" наамына көрсөтүлгөн.
Сыйлык тапшыруу аземи онлайн форматта өткөн. Иш-чаранын жүрүшүндө актёр аты аталганда ойгонуп, башын көтөргөнүн көрүүчүлөр байкаган. Видео интернет желесине тарап, айрым колдонуучулар "Аль Пачинону ойготуп коюш керек болчу", "Пандемиянын экинчи жылында баарыбыз Аль Пачинодой болобуз" жана башка пикирлерин калтырышып, мындай сыйлыктарды алуу актёр үчүн толкунданууну деле жаратпай калса керек дешкен.
Аль Пачино "Өкүл ата" ("Крёстный отец"), "Падыша Лир" ("Король Лир"), "Оушендин 13 досу" ("Тринадцать друзей Оушена"), "Периштелер Америкада" ("Ангелы в Америке") жана башка 50дөн ашуун киного тартылып, "Оскар", "Алтын глобус", "Эмми" жана башка сыйлыктарга татыктуу болгон.