Америкалык актёр Уилл Смит саясатка барышы мүмкүн

Америкалык актёр жана режиссёр Уилл Смит "Pod Save America" подкастына катышып, саясий карьера жөнүндө ойлонгонун айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, актёр жакынкы аралыкта каалаган саясий кызматка арыз берерин моюнуна алды. "Мен оптимистмин жана адамдардын ортосунда түшүнүү жана гармония болот деп ишенем. Актёрлук менен алектене беремби же кайсы бир мезгилде саясий аренага чыксам дагы буга сөзсүз түрдө салымымды кошом”, - деп убада берди Смит. Бирок ал ишмердүүлүктү качан өзгөртүүнү пландап жаткандыгын так айткан жок.

"Кара кийинген адамдар" тасмасынын жылдызы өзүнүн саясий дымагын биринчи жолу жарыялап жаткан жок. Мындан беш жыл мурун CBS каналына берген маегинде АКШнын президенттигине талапкерлигин коё турганы мүмкүн экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AykaMer
2021-03-02 20:36:07
Биздин дүмбүл Чыпалак баатыр аттанды го,бул эмнеге аттанбасын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан