Илон Масктын Путинге Clubhouse'да баарлашуу сунушу боюнча Кремлге түшүндүрмө келген жок

Кремль Орусиянын президенти Владимир Путинди Clubhouse социалдык тармагында баарлашууга чакырган ишкер Илон Масктын сунушунун чоо-жайын тактоого аракет кылды. Бул тууралуу шейшемби күнү журналисттерге мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Маалыматка ылайык, Кремль сунуштун чоо-жайын билүүгө жетиштиби деген суроого Песков: "Бул кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болгон болушу мүмкүн", - деп жооп берди. "Биз чындыгында бул сунуштун чоо-жайын тактоо үчүн суроо бердик, бирок эч кандай жооп ала элекпиз", - деди Кремлдин өкүлү.

Президенттин өкүлү бул чакыруунун Маскка эч кандай тиешеси жок болушу мүмкүн деп божомолдогон. "Кыязы, бул тема эчак эле бүтүп калган", - деп кошумчалады Песков.

Буга чейин миллиардер Илон Маск Орусиянын президенти Владимир Путинди Twitter'деги расмий баракчасына эки тилде кайрылып, аны барган сайын популярдуу болуп жаткан Clubhouse социалдык тармагында маектешүүгө чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан