Өзбекстанда биринчи жолу коронавирустун вакцинасы катталды

Өзбекстанда биринчи жолу коронавирустун вакцинасы катталды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ZF-UZ-VAC 2001 вакцинасын Өзбекстан кытайлык "Zhifei Longcom" компаниясы менен иштеп чыккан. "Бүгүнкү күндө коронавирустун жаңы түрүнө каршы рекомбинанттык вакцина (CHO клеткалары) ZF-UZ-VAC 2001 медициналык практикада колдонуу үчүн катталды. Каттоо номери DV / X 08646/03/21", - деп белгилешти инновациялар министрлиги.

Өзбекстан кытайлык "Zhifei Longcom" компаниясы менен биргеликте ZF-2001 рекомбинанттык вакцинасынын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасын өткөрүүдө. Бүгүнкү күндө 6,8 миңден ашуун ыктыярчылар вакцинанын биринчи дозасы менен эмдөөдөн өтүштү.

Өзбекстандын инновациялык өнүгүү министрлигинин жана саламаттыкты сактоо министрлигинин сыноолорго активдүү катышуусун, ошондой эле клиникалык изилдөөлөргө кошкон салымын эске алуу менен Өзбекстан бул вакцинанын автору деп табылды. Натыйжада, өлкөдө ZF-UZ-VAK 2001 аталышы менен сатыла баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zam81
2021-03-03 00:21:40
Кечеле тенинибизге албай жаткан мамалекеттер кандай онугуп жатат биз турабыз жылбай
+2
Porter-taxi
2021-03-03 00:41:56
Чек ара меселеси качан чечилет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан