Европада коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйүүдө

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа бөлүмүнүн башчысы Ханс Клюге Европада коронавирус инфекциясынын көбөйүшү кайрадан башталганынын алгачкы белгилерин жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, акыркы 24 саатта COVID-19 инфекциясын көп жуктурган дүйнөдөгү он мамлекеттин төртөө Европа аймагында жайгашкан. Ушуга байланыштуу Клюге вирус жуктурбоо үчүн чараларды көрүү зарылдыгын айтты. "Февраль айынын башынан бери аймакта COVID-19 оорусунун төмөндөшүнөн кийин, Борбордук жана Чыгыш Европа менен Балкан жарым аралынын аймагындагы өлкөлөрдө оорунун кайрадан башталышынын белгилери байкалууда", - деди Клюге.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан