"Күчүм жетпей калган". Өзбекстанда сүзмөнү буту менен тебелеп жаткан аялдын видеосу тарады

Интернет желесине аялдын буту менен сүзмөнү тебелеп жаткан видеосу тарады. Андан жерге төшөлгөн ак мүшөктүн үстүндөгү сүзмөнү аял көлөчү менен басып жатканын көрүүгө болот. Өзбек басылмаларынын маалыматына ылайык, бул көрүнүш Самарканд облусунун Иштыхан районунда орун алган.

Маалым болгондой, Каллахос айылынын тургуну курут жасоо менен алектенет. Ал сүзмөнү аралаштырууга күч-кубаты жетпегенин, ошол учурда жолдошу үйүндө жок болгондуктан буту менен тебелеп аралаштырууга туура келгенин айткан. Бул учурду кошунасы видеого тартып, буга чейин мындай кызыкты көрбөгөнүн, жаман ойдо тартпаганын билдирген.

Видео интернетке тарагандан кийин тиешелүү кызматтар иш алып барышкан. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору буга чейин даярдалган куруттарды жана сүзмөнү жок кылышканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Asmat84
2021-03-03 08:43:35
Олумууш болуп тартып атканын карасаң азыр эч кимге ишенип болбойт
-3
Gulina90
2021-03-03 08:46:52
Туура эле кылган тартып болбосо дагы канча кайталанат эле ким билет,курутту жакшы көрөбүз үй-бүлөбүз менен биздикилер андай кылбаса болду
+17
Kg.ka84
2021-03-03 10:52:21
Көлөчтүн кебетесин карасаңар,эч качан курут алып жебес болобузго мындай болсо.
+12
Suuluwka9686
2021-03-03 11:30:25
Ужаско. Эя жерден албай эле коюш керекко.
+4
Rachki
2021-03-03 11:59:56
Актын убалы тиетко өзүнө эле, канча адамга алдап сатат дагы, табигый, таза деп...
+6
Akyl78.1501
2021-03-03 12:23:03
Пиво менен өлө курут закуска кылчу элем кылбас болдум ха ха ха
+5
Mister-XXX
2021-03-03 14:30:43
Курутту өзбектер да кыла баштаган го.Курут кыргыздарга тиешелүү тамак.
-1
Isikkolumkeremet
2021-03-03 14:32:32
Алына ченеп жууруш кк да
+3
Isikkolumkeremet
2021-03-03 14:33:28
Мен жасайм.албетте колум мн.сатыкка койбостон кыздарым жеп коюшат
+4
momun74
2021-03-03 14:39:19
Isikkolumkeremet,аш болсун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан